Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берилбейт

Автор -

Бүгүн түнкү саат 11ден кийин Ош шаарынын айрым аймактарында таза суу берилбейт. Бул тууралуу «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курманжан датка (Юго-Восток), Манас-Ата (ХБК), Туран, Достук кичи райондорунан жана Калинин массивинен башка аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат.

«Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын таза суу, саркынды суу тармактарында жана бекеттеринде күзгү профилактикалык оңдоо иштери жүрөт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү