Ашхабад жашоочулары бензинди алдын ала сатып алышууда

Автор -

Ашхабадда бензиндин баасы кымбаттайт деген кооптонуулардан улам жашоочулар күйүүчү-майлоочу майларды алдын ала камдашууда.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын баяндамачысы Аманмурад Бугаевдин айтымында, тургундардын көбү май куйуучу жайларга түнкүсүн келүүдө:

– Акыркы беш күндөн бери эл арасында ажиотаж күчөдү. Көпчүлүк кечки саат 11ден кийин, унаалар азайып калганда май куйуучу станцияларга барып, бензинди ашыгы менен сатып алышууда. Бензинди 20-30 литрлик идиштерге куюп кетишүүдө. Май куйуучу жайлардын кызматкерлери ар бир литрге 20-30 теңгеден кошуп сатышууда.

Анын айтымында, бензин түнкүсүн көп сатылып жаткандыктан, күндүз станцияларда май тартыш болуп, унаалардын узун кезеги жаралууда.

Октябрдын башында “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен А-95 жана А-80 үлгүсүндөгү бензиндин эки эсе кымбатташы мүмкүн экенин кабарлаган.