Президент Түркмөнстанга учуп кетти

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Түркмөнстандын Ашхабад шаарына Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн учуп кетти.

КМШ МБК кезектеги жыйынында Шериктештиктин алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде КМШга катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташуу Декларациясынын долбоору талкууланат.

Ошондой эле КМШ МБК жыйынына катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү күтүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппараттынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси — Кыргыз Республикасынын КМШнын уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов.

Бөлүшүү