Талас облусунда калкка өзгөчө кырдаалдардан сактануу эрежелери үйрөтүлдү

Автор -

17-октябрдан 26-октябрга чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучулары тарабынан Талас облусунун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунда жана Талас шаарында жашаган калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана пайда болгон учурда журум-турум эрежелерин, сактануу ыкмаларын үйрөтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн окууларга аталган облустун райондорундагы  Кызыл Жарым  Ай коомунун өкүлдөрү  катышып, калк арасында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ыкмаларын практика түрүндө көргөзүп үйрөтүштү.

Сабактар негизинен жер титирөөдөн сактануу, өрт коопсуздугу жана алгачкы медициналык жардам көрсөтүү багыты боюнча жүргүзүлдү.

Ушул эле аралыкта, көчмө окуулар менен биргеликте Талас облусу боюнча башкармалыгынын өрт –куткаруу бөлүмдөрүнун “команда башчы” жана “техник-айдоочу” категорияларынын квалификациясын жогорулатуу  жана кайра даярдоо боюнча окуулар өткөрүлдү. Окуунун жүрүшүндө көлмөдөн, арыктардан гидроэлеватордун жардамы менен суу алуу ыкмалары  үйрөтүлдү.

Окутуулар республикабыздын  аймагындагы потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкты жеринде барып окутуу мерчемине ылайык жана ӨКМ тарабынан  2018-жылдын 11-октябрында чыккан «Жеринде барып окутуу жөнүндөгү” №1082-буйругунун негизинде өткөрүлдү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү