Жээнбеков КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн командачылыгы менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда КР Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев жана КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев Куралдуу Күчтөрдүн ишмердиги жана ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин өз аскердик милдетин жетиштүү деңгээлде аткаруусун камсыздоо боюнча командалык курамдын жетишсиз жумушун белгиледи.

Акыркы мезгилде аскердик кылмыштардын көбөйүшү армиянын аброюна терс таасирин тийгизип жатканы белгиленди. Бул фактылар жеке курамды окутууда командирлердин кесипкөйлүгүнүн жетишсиздигинен, аскердик мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштиктүү системанын жоктугунан болуп жатат.

Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдөгү өзгөчө аскердик комиссариаттардын кызматтык адамдарынан акча каражаттарын талап кылуу фактыларына көңүл бурду.

Ал аскердик командачылыкка күнөөлүү адамдарга карата өз убагында чечкиндүү аракет кылууну тапшырды.

Ошондой эле КР Башкы штабынын башчысына өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн командачылыгы менен кеңешме өткөрүп, мындан ары аскердик кылмыштарды болтурбоо боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары жумушчу кеңешменин жүрүшүндө аскердик-техникалык кызматташуунун жана республиканын коргоо-өнөржай комплексинин ишканаларын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү