Жээнбеков Кыргызстандын автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Автор -

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери! Кымбаттуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкеринин Күнү менен куттуктайм!

Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок биздин тоолуу өлкө үчүн автомобиль транспортунун жашоо-тиричиликтеги ролу баа жеткис. Тармак туруктуу социал-экономикалык өнүгүүнүн, региондор аралык жана эл аралык байланыштарды чыңдоонун олуттуу фактору болуп саналат.

Акыркы жылдары мамлекет автомобиль жолдорду курууга жана реконструкциялоого миллиарддаган каражаттарды бөлүүдө. Транспорт инфраструктурасын өркүндөтүү маселелери негизги социалдык-экономикалык жана саясий милдеттердин бири катары 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында камтылган.

Ушул кесипке өмүрүнүн күлгүн кезин арнаган тармактын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирип кетким келет. Сиздер республиканын автожол комплексинин өнүгүшүнө зор салым коштуңуздар, муундар ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылып келе жатасыздар.

Бүгүн айдоочулардын эле эмес, механиктердин, диспетчерлердин, автотранспорт ишканаларынын инженер-техниктеринин, оңдоочу жумушчулардын да майрамы.

Кыргызстандын автомобиль жана жол чарбасында жакынкы келечекте чоң өзгөрүүлөр болуп, тармак өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жарандарыбыздын турмуш жыргалчылыгынын өсүшүнө кызмат кылаарына терең ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык, татаал, бирок маанилүү ишиңерде ийгиликтерди  каалайм».

Бөлүшүү