Тарых илимдеринин доктору Акылбек Джуманалиевдин “Синтетикалык жыйнак” аттуу китеби жарык көрдү.
Маалыматка ылайык, синтетикалык жыйнакта тарых философиясы, коом, саясат, тарых, инсан, улут жана мамлекет тууралуу илимий трактаттар, көркөм чыгармалар, эсселер чыгарылган. Жыйнакка ошондой эле Тацудзи Миёси, Дзюн Таками, Фуюхико Китагава, Мицухари Канэко жана Тодзабуро Оно аттуу япон акындарынын ырларынын котормолору камтылган.
Ал эми китептин соңу Акылбек Джуманалиевдин өзүнүн төрт сап ыры менен аяктайт.
Төрт сап ыр;
Кеч түн. Уйку жок.
Угулат алыстан иттин алсыз үнү.
Ошондо ишенгиң келет, же ишенгиң келбейт
Жашоонун уланаарын эртеңки күнү.