Тажикстанда 28 жылга кесилген генерал эл аралык издөөгө алынган

Автор -

28 жылга сыртынан соттолгон ИИМдин Баңгизат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Файзулло Гадоев эл аралык издөөдө жүрөт.  Бул тууралуу Тажикстан укук коргоо мекемесинин маалымат катчысы Умаржони Эмомали билдирди.

15-октябрда Тажикстандын Жогорку соту ИИМдин Баңгизат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Файзулло Гадоевди 28 жылга түрмөгө кескен. Ал мамлекеттик сыйлыктарынан жана «милициянын генерал-майору» наамынан ажыратылган. Мындан тышкары мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу боюнча өкүм чыккан.

ИИМ чиновниги маңзат сатууга, ири өлчөмдө пара алууга жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга күнөөлүү деп табылган.

«Учурда Файзулло Гадоев өлкө тышында жашырынып жүрөт. Ал былтыр жайында эл аралык издөөгө алынган. Буга байланыштуу өкүм сыртынан чыккан», — деди Умаржони Эмомали.

Бөлүшүү