Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-октябрда Түркия Республикасынын негизделгендигинин 95-жылдыгына арналган иш чаралардын алкагында Молдованын Президенти Игорь Додон менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү жолдору, саясий диалогду өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнүн перспективалары талкууланды.
Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелер жана интеграциялык биримдиктин алкагында өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.