Иса Өмүркулов: Мени партиядан чыгаргандар өздөрү чыккынчы

Автор -

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов анын «Кыргызстан социал-демократтар партиясынан» чыгарылышы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Жыйында Өмүркулов;  «Мени КСДПдан чыксын деп добуш бергендер өздөрү чыккынчы. Себеби алар партиянын уставына каршы, Апрель революциясында курман болгон баатырлардын элесин, ошолордун идеясын саткан болушат. Ошол революциянын үмүтү акталган жок», —деп билдирди.

Ошо менен бирге ал КСДПнын чечими легитимсиз экенин айтып чыкты.

«Мен протоколду жана ким добуш бергендигин көргөн жокмун. Протоколдо эч кандай фамилиялар болгон эмес. Саясий кеңештин 7-8 гана мүчөсү катышыптыр, калгандарынын маалыматы жок. Бул чечим легитимсиз»,-деди Өмүркулов.

 

Бөлүшүү