Атамбаев курал колдонуу жөнүндө мыйзамды жакшы билет

Автор -

Алмазбек Атамбаевдин сыйлыкка берилген куралы бар жана ал аны колдонуу жөнүндө мыйзамдарды жакшы билет. Бул тууралуу 23-июнда «Азаттыкка» Атамбаевди колдогон КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди:

— Экс-президент өзү жөнүндө гана айткандыктан, эч кандай башка куралды назарга тутпаганы ар бир акыл-эстүү адамга түшүнүктүү. Демек, ал кимдир-бирөөнү кантип коркутмак эле? Анын сөздөрү өз өмүрүн тобокелге салбашы үчүн анын коргоочуларына карата айтылган.

22-июнда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө анын тарапкерлеринин жыйыны өткөн.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып Атамбаев аны коргогусу келгендер бар экенин, бирок «эч ким кереги жок» экенин айтып: «Акыркы эки-үч жумадан бери мага кайра-кайра Чүйдүн жигиттери келип жатат. Мен өзүмдү өзүм коргоп көнгөм. Дайыма айтам, мага эч ким кереги жок, менин керек болсо өзүмдүн курал-жарагым бар» деп билдирген.

Атамбаевдин бул айткандары Интернетте кызуу талкууланып, ал «курал колдонууга үндөп жатат» деген сындар айтылган.

Жолдубаева муну «бийликтин жалданма жазмакерлери таркатып жаткан обу жок имиш жана ушак» деп атады.

Бийлик бул билдирүүлөргө азырынча комментарий бере элек.

Бөлүшүү