Кыргызстанда 9 ай ичинде 333 коррупциялык кылмыш аныкталды

Автор -

2018- жылдын 9 ай ичинде өлкөдө 333 коррупциялык кылмыш аныкталды. Анда келтирилген чыгаша 423,3 миллион сомду түздү»,-деп билдирди  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы .

Маалыматка ылайык, былтыркыга салыштырмалуу кылмыштардын саны 70, ал эми чыгашанын көлөмү 223,7 миллион сомго өскөн. Кылмыш иши козголгондон кийин бюджетке 154,3 миллион сом кайтарылган.

Мындан сырткары мамлекеттик сатып алууларга байланышкан бюджеттик каражаттан уурдалган 95 факты катталды. Ага карата 91 кылмыш иши козголуп, бюджетке 18,1 миллион сом кайтарылды.

Бөлүшүү