Кыргызстандыктар ноябрь айында 5 күн эс алышат

Автор -
471

Кыргызстандыктар 7-ноябрдан тарта 11-ноябрга чейин дем алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Жумуш убактысын рационалдуу пайдалануу максатында министрлик дем алыш күндөрүн жылдыруу боюнча токтом кабыл алган. Анын негизинде 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болгон үчүн эс алуу күнү деп белгиленди. Ал эми ишемби 3-ноябрь 9-ноябрга жумуш күнүнө жылдырылат.

Жыйынтыгында 3-ноябрь жумуш күнү болуп, ал эми 7-11-ноябрга чейин беш күн катары менен  мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердин кызматкерлерине дем алыш күнү болуп саналат.