Сооронбай Жээнбеков Тамерлан Ибраимов менен жолугушту

Автор -

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-ноябрда Саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту.

Жолугушууга КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Тамерлан Ибраимовдун маалыматына ылайык, жумушчу топ 6 жыйналыш өткөрүп, КР ИИМдин окутуу бөлүмдөрү менен таанышып чыкты жана Аскердик-дарыгерлик ишти иликтеди.

Натыйжада жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча Стратегия, Бишкек шаарында Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы жана жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун I этабын ишке ашыруу үчүн керектүүлөрдүн тизмеси иштелип чыккан.

Анын айтымында, Жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт.

Анын кызматтык милдеттери өзгөртүлөт. Патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка жооп берет. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген участканы толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болушат.

«Эң башкысы, биздин пландарга ылайык, патрулдук милиция жарандар менен байланышта болуп, аларга жардам берген социалдык-сервистик кызматка айланат», — деп белгиледи Тамерлан Ибраимов.

Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи — кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч — кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чараларды жана кубаттоо ыкмаларынан турат.

Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылы ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдары реформа бүт өлкөнү камтыйт.

Президент Сооронбай Жээнбеков эксперттик жумушчу топко аткарган жумуштары үчүн ыраазычылык билдирип, иштелип чыккан Стратегия менен Иш-чаралар планын колдой турганын жана аларды ишке ашыра баштаса болоорун белгиледи.

Мамлекет башчысы кызматкерлерди сынактан өткөрүп тандоо таза, жарандык сектордун өкүлдөрүн тартуу менен өтүшү керектигин өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков кызматтагы коррупциялык көрүнүштөрдү жана коркунучтарды жокко чыгаруу үчүн пландалып жаткан патрулдук милициянын кызматкерлерине жогору айлык маяна, социалдык пакет жана карьералык өсүштү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгына тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмаларды даярдоо, түздөн-түз көзөмөлдөө жана аларды аткарууга катышуу тапшырмасын берди.

Эксперттик жумушчу топко патрулдук милициянын жаңы кызматкерлерин сынактан өткөрүп тандоого катышуу, талапкерлерди окутууну мониторинг кылуу, материалдык-техникалык каражаттарды сатып алуучу тендердик комиссияларга катышуу керектиги айтылды.

«МАИни реформалоо боюнча жумушка жарандык сектордун катышуусу республиканын жолдорундагы жарандардын коопсуздугун сапаттуураак камсыздоодо жана милицияга болгон ишенимди керектүү деңгээлге жеткирүүдө оң натыйжа берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында өлкөнүн Президентинин тапшырмасы менен жол кырсыктарынын деңгээлин азайтуу жана жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жумушун күчөтүү боюнча конкреттүү сунуштарды жана иш-чараларды иштеп чыккан эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Бөлүшүү