Бишкек шаарындагы кездеме жана кийим сактоочу кампадан өрт чыкты (Видео)

Автор -

«Свердлов районунда 2018-жылдын 5-ноябрь күнү саат 21:56да Элебесов  көчөсүнүн №155 дарегинде жайгашкан 3 кабатуу контейнерден салынган  “Дениз Текстиль” кийим жана кездеме сактоочу кампадан өрт чыккан. Жабыркагандар жок»,-деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында 5-ноябрь күнү саат 23:29да өрт чектөөгө алынып, 6-ноябрь күнү саат 05:10до толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен кийим жана кездеме сактоочу жай толугу менен күйгөн. Жалпы аянты  болжол менен 900 м2  күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү