Кочкор районунда 2 унаа кагышып, 2 адам жаракат алды

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, кечээ, 5-ноябрь күнү саат 18:43 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 255-чакырымында (Долон ашуусу) “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаасы “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын  сүзгөн.

Натыйжада Хонда-Степ унаасынын айдоочусу 1958-ж.т. А.К.( эркек) жана жүргүнчүсү 1987-ж.т. Э. Ш.  (аял) жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.

КР ӨКМнин №42 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркаганды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү