Кыргызстандагы репрессияга кабылгандардын тизмеси түзүлөт

Автор -
494
Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” аталыштагы эл аралык илимий конференция өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага мамлекеттик жетекчилер, чет өлкөлүк жана кыргызстандык илимпоздор, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышат.
Жыйында Кыргызстандагы репрессияга кабылгандардын тизмеси түзүлөт. Совет учурундагы жумушчулардын эл аралык тилектештиги, “Алаш Ордо” кыймылы жана тарыхый инсандар жөнүндө айтылып, иш-чаранын аягында резолюция кабыл алынат.
Конференция элге 1930-жылдардагы саясий репрессиянын натыйжасында миңдеген бейкүнөө уул-кыздардын азап чеккенин, курман болгондугун жеткирүүнү, кайгылуу окуядан сабак алууну көздөйт.