Бишкектеги «Metro Pub» түнкү клубунда мас кыздар арасында мушташ чыкты

Автор -

Бишкек шаарындагы «Metro Pub» түнкү клубунда мас абалындагы эки кыз эс алуучу жайдагы бир кызды ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрга караган түнү түнү саат 03:45те «102” номуруна  Metro Pub клубунда кыздар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери мас абалындагы эки кыз клубдун дагы бир эс алуучусун сабашкандыгын аныктаган. Алар жабырлануучун iPhone 6s жана iPhone 10x үлгүсүндөгү телефондорун атайлап талкалап салышкан.

Жабырланган кыз шектүүлөргө карата чара көрүү  үчүн алардын үстүнөн арыз жазды. Милиция кызматкерлери шектүү 21 жаштагы С.Б. жана 23 жаштагы С.Мны кармашты.

Учурда КРнын кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү