Сириядагы жардыруудан 11 киши өлгөнү кабарланууда

Автор -

4-ноябрда Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында полиция жайгашкан имаратта жардыруу болгон. Чабуулдун кесепетинен 11 киши өлгөнү, алардын арасында орусиялыктар бар экени айтылууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын ичинен алтоо – орусиялык «ЧВК Вагнера» аскер компаниясынын кызматкерлери. Бул тууралуу «Новая газета» менен баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Syrian Observatory for Human Rights уюму билдирүүдө.

Сириялык обсерваториянын өкүлдөрү жаракат алгандардын көбү оор абалда экенин ырасташты.

Жарылуу болгон жерде мурун сот имараты жайгашкан, учурда аны Сирия өкмөттүк армиясынын 5-корпусу ээлейт. Ал ыктыярчылардан жана орусиялык “аскер кеңешчилеринен” турат. Орусия бийлиги Сириядагы жарандарынын өлүмү тууралуу расмий билдирүү тарата элек.

Айрым маалыматтарга караганда, имаратка “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу мина койгон.

Февралда Дейр-эз-Зор провинциясында Башар Асаддын тарапташтары менен америкалык аскерлер кубаттаган көтөрүлүшчүлөр ортосунда уруш болгон. Анда Орусия ТИМи расмий түрдө беш киши өлгөнүн жана Сирияга ыктыярчы иретинде барган орусиялык ондогон жаран жаракат алганын билдирген. Америкалык аткаминердер уруш маалында жүздөгөн орусиялык жалданма аскерлер мерт болгонун кабарлашкан.