Сооронбай Жээнбеков бир жылда 890 миң сом киреше тапкан

Автор -

КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы 890 миң 994 сом киреше тапкан. Бул тууралуу анын декларациясында көрсөтүлгөн.

Жеке мүлкү катары президент 160 чарчы метрлик үйүн, 60 чарчы метр бакчадагы үйүн көрсөткөн. Андан тышкары, 61,45 гектар жер аянтчасы жана МТЗ-80 трактору бар.

Сооронбай Жээнбековдун жакын туугандары 3,7 миллион сом киреше табышкан. Алардын 64 чарчы метрлик батири, «Лексус 470» уунасы жана 20,6 гектар жери бар.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү