УКМК: ЖАМК мамлекетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирди 

Автор -

КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тергеп жаткан Кылмыш-жаза кодексинин 304, 171, 189, 350, 306 жана 315-беренелери боюнча КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында  ЖАМК көчмө механизацияшкан колоннасынын жана “САСЭМ” жабык акционердик коомунун оңдоп-түзөө ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.

Анын жыйынтыгында, алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке ири өлчөмдөгү, тактап айтканда 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Бөлүшүү