Аба ырайы: 14-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Автор -

11-ноябрдан 13-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат: Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 11-ноябрда кээ бир райондорунда, 12-13-ноябрларда көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.

12-13-ноябрларда Чүй, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрден, 12-13-ноябрларда Ысык-Көл жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

13-14-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -0…-5° сууктун тегерегинде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -3° сууктан +2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышышып үзүлүү коркунучун алып келет.

 

Бөлүшүү