Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы жок болот (тизме)

Автор -

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгын маалымдады.

Жаратылыш газы өчүрүлүүчү көчөлөрдүн тизмеси:

— 12-13 — ноябрда Бишкек шаарынын Ленская, Лазо, Фучика көчөлөрүндө;

— 13-14 — ноябрда Бишкек шаарынын Шукуров, Джантошев, Карадарьинская, Ясенский көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында;

-14-15-ноябрда Аламедин айылынын Гидростроительная, Чапаев, Набережная, Аламедин д. көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү