Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Автор -
297

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 7-8 сантиметрге жеткен. Жумушчулар кум, туз себишип, жолду тазалашууда.

Жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгени менен жеңил унаалар үчүн жол ачык.

Ошондой эле маалымат кызматы айдоочуларды жолдо жүрүүдө унаалар ортосундагы аралыкты сактоого жана зарыл болбосо узак жолго чыкпоого чакырат.