Таласта мыйзамсыз күйүүчү май ташыган эки оор жүк ташуучу унаалар кармалды

Автор -

УКМК Кыргызстандын аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн күйүүчү жана майлоочу материалдардын мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталып,тыюу салынды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Талас областындагы “Чоң-Капка автодорожный” өткөрүү пунктунан 3,2 тонна АИ-92 маркасындагы бензини бар, колго жасалган атайын кошумча күйүүчү май бактары менен эки оор жүк ташуучу автоунаалар кармалды.

Белгилей кетсек, бул ташылган мунай заттар милдеттүү салык төлөмдөрдөн качып мыйзамсыз сатылаары аныкталды. Мунай заттарын ушундай мыйзамсыз ташуунун схемасынын уюштуруучусу Талас шаарынын жашоочусу Б.Т.экендиги аныкталды. Ал 2018-жылдан бери ташылган мунай заттарын областын аймагында мыйзамдаштыруу жана өлкөнүн түштүк региондоруна жөнөтүү максатында Талас шаарында май куйуучу бекетин ижарага алган.

Азыркы убакта КР УКМК тарабынан аталган кылмышка катыштыгы бар адамдарды тактоо жана ушул сыяктуу каналдарга бөгөт коюуу багытындагы кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү