Негизги автоунаа жолундорундагы кардын бийиктиги тууралуу маалымат

Автор -

Бишкек-Ош авто унаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 8-30 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 15-60 см түзөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңгон.

Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдары (Өтмөк) ашуусунда кардын орточо бийиктиги 12-32 см түзөт, жолдор тайгак, муз тоңгон.

Бишкек-Ош авто унаа жолунун 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы)жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 8-32 см түзөт.

Бишкек-Торугарт авто унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 8-15 см түзөт.

Каракол-Эңгилчек авто унаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги  8-30 см түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңгон.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунунун Сөөк ашуусу  62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 8-28 см  түзөт, жолдор тайгак болуп муз тонгон.

Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 8-32 см түзөт жолдор тайгак, муз тоңгон.

Нарын-Казарман-Жалал-Абад  автоунаа жолунда кардын орточо бийиктиги 5-15см  түзөт.

Бөлүшүү