VIP СИЗОдо кимдер отурат? (тизме)

Автор -
789

Алмазбек Атамбаев президент кезинде «бийик даражалуу арестанттар үчүн УКМКнын СИЗОсу курорт: бир орундуу камера, эгер керек болсо туугандары казы-картага чейин алып келип турушат» деп айткан эле. Ал эми депутат Ирина Карамушкина УКМКнын СИЗОсу саясий туткундардын жатаканасына айланып баратканын жар салган.

Айтса-айтпаса, ар кандай кине менен кармалган жогорку даражалуу чиновниктер менен саясатчылардын УКМКнын гана убактылуу тергөө абагына киргизилиши эмнени билдирет? VIP СИЗО болуп калгандыгын эмеспи?

УКМКнын СИЗОсунда кимдер отурат?

Учурда ар кандай айыптар менен кармалган жогорку даражалуу чиновниктер ушул СИЗОдо отурушат. Темир тор артына жабылган «элитанын» бир тобу учурдагы бийлик тушунда камалып, аларга жемкордук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, алдамчылык деген кине тагылууда.

Башка бир даары мурунку бийлик тушунда камалган: аларга жемкордук, кызмат абалынан кыянат пайдалануу, бийликти басып алууга аракеттенүү сыяктуу оор айыптар тагылган. Соттолгонго чейин тергөө маалында УКМКнын СИЗОсунда кармалышып, өкүм чыккандан кийин жаза мөөнөтүн аткаруу колонияларына этап болушкан же эркиндикке кое берилген.

Алар: Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Канат Исаев, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов, Александр Гусев, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Акматбек Келдибеков, Нариман Түлеев, ДАнияр Нарынбаев, Хаджимурат Коркмазов ж.б. Бир гана саясатчы Садыр Жапаров СИЗО-1де кармалган.

Камалгандардын дээрлик баары адатта өздөрүнө тагылган айыпты моюндабай, себебин бийликтин куугунтуктоосу менен саясий келишпестиктерге байланыштырышат.

Аларга кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, тергөөгө УКМКга тапшырган, атайын кызмат шектүүлөрдү кармап келип өзүнүн тергөө абагына киргизген.

Буга байланыштуу коомчулукта «Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагы ар кандай себептер менен кармалган саясатчы, чиновник, оппозиционер сыяктуу белгилүү адамдарды кармоочу VIP жай болуп калганбы?» деген суроо өсүүдө.

УКМКнын өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында кармалгандардын кайсы СИЗОдо кармалышы соттук чечимге көз каранды.

— Укук коргоо органдарында «подследственность» деген түшүнүк бар. Подследственность кайсы органга тиешелүү болсо, прокуратура ишти тергеп бергиле деп ошол органга жөнөтөт. Ал эми кармалган жарандын кайсы СИЗОдо кармалышын сот чечет. Ошого жараша кармалгандар убактылуу тергөө жайларына жайгаштырылат, — дейт атайын кызматтын өкүлү.

Чоңдор жайлуу жер издешеби?

Чындыгында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу тергөө изоляторунда (СИЗО) жөнөкөй эмес адамдар отурушат: саясатчылар, бийик даражалуу чиновниктер, прокуратура, милиция органдарынын кызматкерлери, УКТнын, эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрү, криминалдык авторитеттер. Бул жайдын тургундарынын бийик статустары мыйзамдын, кызматтык жоболордун бардык нормаларынын сакталышын талап кылат.

Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова айыпталуучуларды СИЗОго жайгаштырууда да коррупциялык схемалар бар деп ойлойт.

— УКМКнын СИЗОсунун шарты берки СИЗОго караганда дурусураак, ыңгайлуураак, экиден-төрттөн отура турган камералары бар. СИЗО-1дин шарты аябай начар, имараты эскирип бүткөн, жылуулугу да жок, бир камерада он чакты киши отурат. Бул жерде коррупциялык схема бар деп ойлойм. Аны эми так билбегенден кийин ачык айтыш кыйын. Бирок, тыйын-тыпыр берип атайын ыңгайлуу жерге (СИЗОго) жайгаштырышат деген маалыматтар бар. Мындай схемаларды иш козгогон жана тергөө жүргүзгөн органдар жасашат деп укканым бар. Прокуратура тергөөнү толугу менен көзөмөлдөп турат — тергөө жүрүп жаткан учурда кармалгандар кандай шартта кармалып жатышканын, укугу бузулуп жаткан жокпу, тартип туура сакталып жатабы-жокпу — көзөмөлдөп турушат. СИЗОго, ИВСке байма-бай барып кабар алып турушат, — дейт укук коргоочу.

СИЗОго мезгил-мезгили менен кирип, байкоо салып турган УКМКнын байкоочу кеңешинин маалыматында, камераларда, коридорлордо бардык зарыл шарттар түзүлгөн, ички тартип эрежелери кыйшаюусуз аткарылат: байкоо камералары орнотулган, сейилдөө, тамактануу, жуунуу, төшөнчүлөрдү алмаштыруу өз убактысында жасалат. СИЗО-1ге салыштырмалуу бул жерде кыйноолор тууралуу фактылар азыраак кездешет.

Отургандардын басымдуу көпчүлүгү тамак-ашты жумасына бир жолу сырттан (үй-бүлөсүнөн) алдырып турат — жуманын алтынчы күнү, 25 килограммга чейин.

Бул жерде кармалып жаткандардын бир гана дооматы болушу мүмкүн — ал тергөө иштеринин жөнү жок узакка созулушу.

Маселен, Бишкек шаарынын экс-мэри, Бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматовго кылмыш ишинин козголуп, УКМКнын СИЗОсуна киргизилигенине кечээ туура 5 ай толду. Бирок, айыпталуучунун уулу Каныбек Кулматовдун билдирүүсүндө, ушу кезге чейин аны бир да жолу сураган эмес жана тергөө амалдарын жүргүзүшпөгөн — СИЗОдо ал жөн гана күн өткөрүп келет.

Булак: ПолитКлиника маалымат-аналитикалык порталы.

Бөлүшүү