Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү

Автор -

ӨКМдин маалыматына ылайык, бүгүн,  13-ноябрь күнү саат 06:10 чамасында жааган кардын кесепетинен Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-76-чакырым аралыгында кар көчкү түшүп жол жабылган. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Жеринде кар көчкүнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү