Мышыкты атып өлтүргөн адам кармалды (Видео)

Автор -

Өз мышыгын эки жолу атып өлтүрүп, аны видеого тарткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 5-октябрда болгон. Анда Жалал-Абад шаарынын Миң-Өрүк көчөсүнүн тургуну 1983-жылы туулган И.К үйүнүн алдындагы короосунда өзүнүн бир жылдык мышыгын мойнуна тросстон жасалган сыйыртмак салып байлап алып, ага өзгөчө ырайымсыздык мамиле жасап, тир мылтыгы менен эки жолу атып өлтүргөн.

Ал ошол учурда тарткан видео социалдык тармактарга таралып кеткен.

Учурда Жалал-Абад ОИИБнын кылмыштарды каттоо китепчесине “Жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоо” фактысы менен катталып, тергөө иштери жүргүзүлө баштады.

Ал эми мышыкты аткан жаран видео аркылуу элге кайрылып, көпчүлүктөн кечирим сурады. Анын айтымында мышык кутурма оорусу менен ооруган, колтуктарында жара бар мышык болгон. Ошондой эле балдарга дагы ар кандай жугуштуу ооруларды жуктурбасын деген ниетте өлтүргөн.

Бөлүшүү