Кочкор районунда унаа даракты сүзүп, 4 адам ооруканага жеткирилди

Автор -

Кочкор районунда унаа даракты сүзүп, 4 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык, 13-ноябрь күнү саат 09:11де Кочкор-Чаек унаа жолунун 12-чакырымында болгон. Анда “BMW” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун боюндагы даракты сүзгөн.

КР ӨКМнин №42 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жерине барышып, унаада кыпчылып калган жүргүнчүлөрдү чыгарышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам (2 аял, 2 эркек) ар кандай жаракаттарды алышып, райондук ооруканага жеткирилген.

 

Бөлүшүү