Аба ырайы: кар жаайт

Автор -

16-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым аймактарга туман түшүп, жолдор тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…+2;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы түнкүсүн -13…-15, күндүз -2…-4.

Бөлүшүү