Кыргызстанда ноябрь айында үч гезит ишин токтотту

Автор -
321

Ноябрь айында “ЖМКларды колдоо борборунан” басылып чыгып жаткан үч гезит — “Фабула”, “Тамчы” жана “Алло, реклама” ишин токтотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган борбордун кардарлар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Дыйканов ​билдирди.

Көпчүлүгү Интернетке өтө баштады. Ошол себептүү болсо керек. Орто муундан жогорулар эле окубаса, жаштар гезит окубай калды. Мындан эки-үч жылга салыштырмалуу азыр чыгып жаткандардын деле нускалары 30-35 пайызга азайды.

Дыйкановдун айтымында, “ЖМКны коргоо борборунан” 130га жакын гезит басылып чыгат. Эң көп тираж 70-80 миң болсо, айрым гезиттер миңге жетпеген нуска менен басылып чыгат.

Буга чейин “Фабула” гезитинин башкы редактору Тилек Рыскулов иштин токтошуна каржылык кыйынчылык жана басылмага жазылгандар азайып кеткени себеп болгонун билдирген.

Анын айтымында, заман талабына ылайык иштөө максатында гезитти жаап, сайт форматына өтүү жөнүндө чечим кабыл алынган. «Фабула» гезити Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековго таандык экени айтылып жүрөт.

Бөлүшүү