Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Автор -

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Сооронбай Жээнбековду 60 жаш мааракеси менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Эки мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Буга чейин Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев Президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине эң жакшы каалоолор менен куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, аны Өзбекстанда өз өлкөсүнө жана элине ак кызмат кылган тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер катары билишерин белгиледи.

«Сиздин саясат Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн, эл аралык аянтчада кадыр-баркынын бекемделишин камсыздайт. Саясий эрк жана практикалык кадамдардан улам, өзбек-кыргыз достук, жакшы коңшулаштык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелери тез өнүгүп баратат. Акыркы жылдары орнотулган ачык жана конструктивдүү баарлашуу, бардык деңгээлдердеги байланыштардын активдешүүсү саясий жана маданий-гуманитардык тармактарда мамиленин кеңейишине, экономиканын ар кыл тармактарында кооперациянын күчө түлүшүнө көмөктөшүүдө. Борбордук Азиянын аймагындагы коопсуздук жана туруктуулуктун, тынчтыктын кызыкчылыктарында биздин өлкөлөрдүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Өзбекстан менен Кыргызстандын көп пландуу мамилелеринин мындан аркы бекемделишине ишенем», — деп белгиленген Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосунда.

Бөлүшүү