«Центерранын» жетекчилиги өкмөт өкүлдөрү менен жолугуу үчүн Кыргызстанга келет

Автор -

Centerra Gold Inc компаниясынын жетекчилери өкмөттүн өкүлдөрү менен жолугуу үчүн Кыргызстанга келет. Бул тууралуу 15-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, жолугушууда компаниянын акцияларын кытай инвесторлоруна сатуу тууралуу билдирүүлөрдүн канчалык негиздүү экени белгилүү болот.

Буга чейин айрым ЖМКлар «Кумтөр» кенинин жумушчуларына шилтеме кылып, «Центерранын» жетекчилиги компаниядагы Кыргызстандын үлүшүн сатуу боюнча Кытайдын Shadong Gold (Шандунь Голд) компаниясы менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазып чыгышкан.

Өз кезегинде «Центерра» коомчулук үчүн ачык компания болгондуктан үчүнчү жактардан, анын ичинде кытайлык компаниядан ар кандай мүнөздөгү келишимдерди түзүү жөнүндө түрдүү сунуштарды алышы мүмкүн экенин, бул дүйнөдөгү ачык ишканалардын арасындагы кадимки көрүнүш болуп эсептелерин белгилеген.

Канаданын Centerra Gold Inc компаниясы Кыргызстандагы эң ири алтын кени эсептелген Кумтөр кенин иштетет. «Центеррадагы» акциялардын 26,5 пайызына «Кыргызалтын» акционердик коому аркылуу кыргыз өкмөтү ээлик кылат.

Бөлүшүү