Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти менен жолугушту -эмнелер талкууланды?

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти – аткаруучу директору Скот Перри жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин бир нече мүчөсү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ишмердүүлүгү жана Кумтөр кенинин натыйжалуулугун мындан ары карай жогорулатуу максатында кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.

Скот Перри Мухаммедкалый Абылгазиевге 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Кумтөр ишканасында 9,2 тонна алтын (2018-жылдын ушул мезгилинде – 5,7 тонна) өндүрүлгөнү тууралуу маалымдады. Мындан тышкары анын айтымында, 2018-2019-жылдары геологиялык чалгындоо иштеринин программасына 18 млн АКШ доллары бекитилген. Үстүбүздөгү жылдын майында «Centerra Gold Inc.» компаниясы бул максаттарга кошумча 6 млн АКШ долларын бөлгөн.

Тараптар белгилешкендей, алдын ала жыйынтыктар Кумтөр кенин иштетүү мөөнөтүн узартуу келечегине оптимисттип көз карашта кароону шарттайт, бул салыктык жана башка төлөмдөргө, миңдеген жумуш орундарын сактап калууга, ошондой эле ишкананын атамекендик экономикага оң таасир берүүсүнө өбөлгө берет.

Тараптар кыргыз тарап үчүн экологиялык төлөмдөрдү көбөйтүп, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүүнү камтыган Стратегиялык келишимдердин күчүнө кирүү маселелерин талкуулашты, буга «Centerra Gold Inc.» компаниясы жыл сайын төлөмдөрдү жасоону пландаштырууда.

Тараптар Стратегиялык келишимдердин күчүнө кирүү процесстери жакын арада аякташы керектигин белгилешти.

Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр кенине «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин бир нече өкүлү алгачкы жолу бир учурда келишип, алтын кенинин иши менен жеринде таанышып, анын ишинин негизги багыттарынын оңдуу динамикасына ынанып жатышканын белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алтын-кен ишканасынын ишинин өлкө экономикасы үчүн өзгөчө маанисин белгилеп, чечим кабыл алуунун бардык процесстери Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык-айкын шарттарда өтүүсү керектигин баса көрсөттү.

Мындан тышкары Өкмөт башчы Трасттык рекультивация фондун Кыргыз Республикасына которуунун жана Кумтөр кенин рекультивациялоо долбоорун өз убагында жана сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. «Centerra Gold Inc.» президенти Скот Перри бул позицияны колдоду жана бул маселе рекультивация боюнча өзүнчө сүйлөшүүлөрдүн алкагында иштелип чыгарына ишеним билдирди.

Өкмөт башчы Кумтөр кенинин натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн анда экологиялык жана техникалык ченемдерди мындан ары карай кынтыксыз сактоо зарылдыгына «Centerra Gold Inc.» өкүлдөрүнүн көңүлүн бурдурду.

Бөлүшүү