Дөңгөлөктөрдү желимдөөчү жай өрттөнүп, 2 адам 1-даражадагы күйүк алды

Автор -

«Электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунун кесепетинен 2 адам жабыркады»,-деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 18-ноябрь күнү саат 08:39 чамасында Бишкек шаары Октябрь районундагы Л.Толстой көчөсүндөгү дөңгөлөктөрдү желимдөөчү жайдын 20 чарчы метр эс алуу бөлмөсү, 15 даана дөңгөлөк, 2 даана матрац күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1996-жылы туулган К.Э жана 1999-жылы туулган Ш.Ю аттуу эки жаран 1-даражадагы күйүк алган.

Өрттүн себеби: тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Бөлүшүү