Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы атайын эсепке 4 миллион сом которду

Автор -

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 4 млн 568 мин 600 сом өлчөмүндө акча которду.

Мекеме тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы  213 миллион 603 миң 791 сомду түздү.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламент жыйынында аталган бирдиктүү эсепке жалпы 544 млн сом топтолгонун билдирген. Бирдиктүү эсеп ушул жылдын июль айында ачылган.

Бөлүшүү