Атайын эсепке 19 млн сом которулду

Автор -

Ушул жылдын 16-сентябрында УКМК атайын эсепке 19 млн. 831 миң. 075 сом өлчөмүндөгү акча каражат которду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

КР УКМК коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 303 млн. 646 миң 362 сомду түздү.