ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында жаш жоокерлер ант берди 

Автор -
435

ӨКМдин маалыматына ылайык, 17-ноябрь күнү КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядында жаш жоокерлердин ант берүү аземи болуп өттү.

Салтанатка КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын кызматкерлери, Республикалык жоокерлер энелери комитетинин түштүк региону боюнча куратору, жаш жоокерлердин ата-энелери жана жакын туугандары катышышты.

Жалпы 59 жаш жоокер Ата-Мекенге кызмат кылууга аскердик ант берди.