22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Ошондой эле бир топ аймакка туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…+5;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +6…+8. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бөлүшүү