«Ата Мекен» Текебаевдин иши боюнча президентке кайрылды

Автор -

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары 22-ноябрда Жогорку Кеңеште басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Алар партиянын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону өтүнүп, президентке кайрылуу жасашты. Кайрылууну фракция лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов окуп берди.

Анда Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун камакка алууда башкы күбө болгон орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин Москвада алдамчылык үчүн шекүү катары камалганы анын шылуун экенин айгинелеп жатканы белгиленген. Ошол себептүү Маевскийдин жалган көрсөтмөсү менен камалган Текебаевдин ишин кайра кароо зарыл экендиги айтылган. Ушул кайрылуу Башкы прокуратурага да жиберилген. ​

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов «Коррупция» беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга «орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган» деген айып тагылган. Сот экөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыраткан. Саясатчылар айып-дооматтын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келишет.

Өткөн аптада Маевский «бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча доолаган» деген айып менен камакка алынды.

Бөлүшүү