Балыкчыда жеӊил унаа толугу менен күйүп кетти

Автор -

Балыкчыда жеӊил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын Нарын көчөсүндө “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү