Бишкек шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси болот

Автор -

Бишкек шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин шаар башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманке 23-ноябрь күнү Токтогул менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан башкармалыктын кеңсесинде өтөт.

Жарманкеге Бишкек жана Чүй облусундагы 30дан ашуун ишкана, уюмдар катышат. Анда байланыш, тейлөө, коомдук тамактануу, курулуш тармагы боюнча жалпы 3 миңге жакын жумуш орун сунушталат.

Өзүнө ылайыктуу жумуш тапкандар жумуш берүүчүлөр менен жеринен сүйлөшүп, келишим түзө алышат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү