Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду айыл чарбасын каржылоонун көлөмүн 14-15 пайызга көбөйттү

Автор -

Россия-Кыргыз өнүктүрүү Фонду (РКӨФ) 2018-жылдын башынан бери айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген жана экспортко чыгууга далалаттанган региондордогу ишкерлерди каржылоону көбөйттү. Бул иш Президенттин «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү Жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө». Бул тууралуу РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Фонддун жетекчисинин маалыматы боюнча, бардык региондордо жергиликтүү ишкерлерди консультациялоону камсыз кылуу үчүн регионалдык борборлор ачылган. «Биз бардык региондордо консультацияларды берүүчү жана РКӨФтун эсебинен каржылоонун шарттарын түшүндүрүүчү регионалдык консультациялоо борборлорун ачтык. Алар ошондой эле ишкерлерге бизнес план түзүүгө жана каржылоо алуу үчүн зарыл документтерди толтурууга жардам беришет. — деп белгиледи ал.- «Кепилдик фонд» акционердик коомуна региондордо күрөө көйгөйүн чечүү үчүн 200 млн сом бердик»

Мындан тышкары, ушул жылдын апрель айында «түз каржылоонун» алкагында каржылоонун минималдык суммасын миллион доллардан 300 миң долларга чейин азайттык. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата региондордогу ишкерлер РКӨФтун эсебинен каржылоого жетүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту.

Региондорду өнүктүрүү максатында «Региондор — өсүү точкалары» деген аталыштагы конкурс жарыяланды. Негизги басым айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө жасалууда, ишкерлерди стимулдаштыруу механизми каралган.

«Ишкерлерди стимулдаштыруу механизминин болушу бул конкурстун өзгөчөлүгү болуп саналат. Мисалы, эгерде долбоор ишке ашып, ишкер алган насыяны өз убагында төлөсө, анда ар бир жылдын аягында төлөнгөн пайыздардын жарымына чейин кайтарып беребиз», — деп белгилеп, ал бул конкурстун алкагында долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ишкер бекер техникалык жардам ала алаарын кошумчалады.

«Биз аракетибиздин алгачкы оң натыйжаларын көрүп жатабыз. Айыл чарбасын, региондордо талаачылык жана мал чарба продукцияларын кайра иштетүүнү каржылоонун көлөмү 2018-жылы 14-15 пайызга өстү. Эгерде өткө жылы бардык облустар (Бишкек шаарынан башкалары) жалпысынан 17 млн. АКШ долларына барабар каржылоо алган болсо, быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча бул сумма 21 млн доллардан ашып кетти», — деп белгиледи  Эркин Асрандиев.

Фонд тарабынан 2018-жылдын 10 айында чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө 600дөн ашык долбоорлор каржыланды, анын ичинен 500дөн ашык долбоорлор — агропродукцияларды өндүрүү жана кайра иштетүү чөйрөсү.

Бөлүшүү