Дастанбек Жумабеков ТүркПАнын медалы менен сыйланды

Автор -

Түркия Республикасынын Измир шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата маарекелик иш-чаралар өтүүдө.

Маарекелик иш-чаралардын алкагында түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековго Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын атайын медалы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясын түзүү боюнча макулдашууга 2008-жылдын 21-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган. Ага ылайык, быйыл ассамблеянын 10 жылдык маарекеси белгиленүүдө.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү