Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан «Делбирим» тасмасынын трейлерин тасманын Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова Facebook баракчасына жарыялады.
Фильмди Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору Өзбекстандын “Узбеккино” улуттук агенттиги менен бирге Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” («Кызыл жоолук жалжалым») повестинин негизинде тартылды.
Көркөм фильмде башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролуна өзбекстандык актерлор Адиз Ражапов менен Улукбек Кадыров, Асел менен Кадичанын ролуна кыргызстандык актрисалар Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы роль жаратышкан.
Кинонун Өзбекстандагы бет ачары 16-ноябрь күнү Ташкентте болгон. Ал эми Кыргызстандагы көрүүчүлөргө 6-декабрдан баштап тартуулана баштайт. Премьерасы 5-декабрда Бишкекте өткөрүлөт.