Чет өлкөдөн баш паанек сураган элчи Кыргызстанга кайтып келди

Автор -

Кызматынан  бошотулуп, чет өлкөдөн баш паанек сураган экс-элчи Кылычбек Султан Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Мен мекениме кызмат кылып келгем, мындан ары да кызмат кыла берем. Мен Кыргызстандын патриоттору менен жолугуп, 27 жылда ишке ашыралбаган иштерди талкуулоо үчүн келдим» — деп жазган Кылычбек Султан.

Баса, ал уюштуруучулар тарабынан 24-ноябрда өтүүчү курултайга катышуу үчүн чакыруу алган эле.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү