ӨКМдин маалымат кызматы өлкө аймагында 21нен 25-ноябрга чейин күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.
21-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз Ысык-Көл облусунун чыгышында кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9,
Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9,
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…23, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8 градус болот.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
22-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
23-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүзү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорундада кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
24-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, 24-ноябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
25-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн кар жаашы мүмкүн.