Түштүк Кореянын өкүлү Интерполдун президенти болуп шайланды

Автор -

Интерполдун президенти болуп Түштүк Корея өкүлү Ким Чен Ян шайланды.Дубайда өткөн конференцияда ага Интерполдун Башкы ассамблеясынын 98 мүчөсү колдоо көрсөттү. Экинчи талапкер – орусиялык генерал Александр Прокопчук 64 добуш алды.

Прокопчуктун талапкерлигине АКШ, Украина, Литва жана орусиялык оппозиция өкүлдөрү жана орус бийлиги тарабынан куугунтукталган британ финансисти Уильям Браудер каршы чыкты. Алар Эл аралык кылмыш полициясын (Интерпол) эл аралык укукту бузган өлкөнүн өкүлү жетектей албайт деп билдиришти. Прокопчуктун талапкерлигине каршы чыккандар Орусия анын кызматын өч алуу жана саясий оппоненттерди куугунтуктоо үчүн колдонушу ыктымал деп кооптонушту.

Ким Чен Ян буга чейин Интерполду убактылуу башкарып келген. Эл аралык кылмыш полициясынын мурдагы жетекчиси Мэн Хунвэй коррупцияга айыпталып, Кытайда кармалган.

Бөлүшүү