Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга 5 негиз бар

Автор -

Бүгүн, 21-ноябрда «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Москвада Леонид Маевскийдин камалышы, Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу маселелери боюнча маалымат жыйын өткөрүп жатышат.

«Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап чыгууга 5 негиз бар. Ал 2019-жылы 1-январдан баштап жаңы кодекстердин күчүнө кириши. Мында кылмыш иштин формасы өзгөрөт. Ошондой эле экс-президенттин Текебаевдин иши боюнча билдирүүсү. Бул боюнча жактоочулар тийиштүү арыздарды беришет.Үчүнчүдөн Маевскийдин көрсөтмөсү эске алынып, кыргыз жарандарынын көрсөтмөлөрү эске алынбаганы Кыргыз суверенитетин сыйлабагандык болот. Төртүнчүдөн, депутат Жанар Акаевдеги фактылар бар. Мындан сырткары Кыргыз мамлекети эл аралык укуктун субъектиси болгону үчүн ЕККУ, Адам укуктарын коргоочу уюмдардын билдирүүлөрүн эске алышыбыз керек. Эл аралык «мошенникти» БУУнун катчысындай тосуп алгандардын жоопкерчилигин карашыбыз керек, ал үчүн 2-3 миллион доллар сарпталган деп ойлойбуз»,- деди Иманалиев.